• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

800 миң долларга алдаган. Шектүү кармалды

12 Бештин айы 2023 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү милицияга К.Н. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда А.М. атту жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби 2018-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкина көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде турак жай ээлеринин шериктештеринин кызматкеримин деп ишеничине кирип, алдамчылык жолу менен ай сайын батирдин ижарасын алып, 800 миң АКШ доллар өтө ири өлчөмдө материлдык чыгым келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.М. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 317