• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

9-мартта күтүлгөн аба ырайы

8 Жалган куран 202415:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 9-мартта күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Количество просмотров: 691