Сокулук районунун 82 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен боюнча келе элек. Бул тууралуу Чүй ОИИБнен билдирди.
Изделип жаткан Калык Калмаматов 30-сентябрда Жаңы-Жер айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 165 см, чачы кара, сакалы бар, тиштери жок, көздөрү кара, мурду кырдач, дене түзүлүшү арык чырай. Кийген кийимдери: кара көйнөк, джемпер, жилет, көк спорттук костюм, бутунда булгаары өтүк, бутунда крокс үлгүсүндөгү тапочка, ак малакай кийген.
К.Калмаматовдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандар 0312 607567, 03134 53380 (нөөмөт бөлүмү) же 0700 04 0006, 0558 861486 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.