• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

№ 95 мектептин директору: Менден сурашкан жок

12 Аяк оона 2018 16:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
№ 95 билим берүү гимназиясынын директору Анара Акмашева билим берүү шаардык башкармалыгы аны башка мектепке которуу туулалуу «менден сурашкан эмес»,- деп айтты.
“Ал эми бугунку, бардык педагогикалык жамаат тарабынан нааразычылык жаратып, мугалимдердин баары ишин таштап жаткандагы окуя жөнүндө эч нерсе айта албайм. Мени ал убакта 40-мектептин иш жамаатына тааныштыруу иштери жүрүп, мен ошол жакта болдум”,- деп кошумчалаган.
Ал эми анын жумуштан кетүүсүнө ата-энелер жазган арыз себеп болдубу деген суроого Акмашева төмөнкүчө жооп берген:
-Мен талдап айтпай эле коеюн. Ооба “Аманат” коомдук бирикме менен бир катар пикир келишпестиктер болгон. Маселен, балдарды жана эмгек жамаатын кабыл алуу алар аркылуу болуусун талап кылышкан.  Бирок, мен буга макул болгон жокмун. Натыйжада кандай болгонун өзүңөр көрүп жатасыздар

.

Количество просмотров: 27