• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Нарын облусу»: “Биздин балдар кооптуу шарттарда окушат”

4 Тогуздун айы 2021 15:17 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Абдылдаев атындагы орто мектеп 1927-жылы ашар жолу менен курулган. Дээрлик жүз жылдай убакыт бул имарат балдар үйү, жатак мектеп, орто мектеп катары кызмат кылган. Бул мезгилдин аралыгында тоо этегиндеги самандан жасалган кичинекей курулуш чөгүп, урап, чирип калган. 2015-жылы ӨКМдин райондук бөлүмү имаратты авариялык абалда деп тапкан.  

2020-жылдын октябрында айылда 275 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектепти куруу иштери башталган, бул максатта 3 гектер жер жана 90 миллиондон ашуун сом бөлүнгөн. “Ооба, жаңы мектеп курулуп башталып, балдар жана ата-энелер аябай кубанып, жаңы окуу жылында жаңы мектептен окуй баштайбыз деп ойлошкон. Куруучулар пайдубалды курган бойдон токтоп калышты, көрсө, акча жок деп каржылоо болбой калыптыр. Эски имаратта окуп жатабыз”, — дейт мектептин директору Талгар Исаев.  

Узун коридор менен кетип бараттык, таман алдыбыздагы полдор кыйчылдайт, сырткы эшиктеги жылчыктан мектептин алды көрүнүп турду. Пол жуучу аял терезелерди кылдат сүрүп, терезенин жарылып кеткен жыгачтарын тазалап жатты.  

“Чатырдан суу тамат. Шыптан кум тынымсыз куюлуп турат. Дубалдар жылышып кеткен, азыраак эле жер титиресе, шып кулап калышы мүмкүн. Эшик өтө эски болгондуктан, жакшы жабылбайт. Кышында класстар аябай суук. Балдар сабактарда курткаларын кийип отурушат. Терезелер эски, аз да болсо күн тийип турат. Мектепти оңдоого болбойт”, — деп кебин улантты директор.  

Терезенин сыртында балдар чуркап, жашынмак ойноп жатышат. Алар жакшынакай мектеп формачан, кыздар ак бантик тагынып, аппак колготкилерди кийишкен, балдар ак көйнөк жана кочкул кызыл пиджакчан. Шаардык балдардан таптакыр айырмаланышпайт. Болгону кооптуу, суусу жок, жылытылбаган жана дааратканасы сырттагы жайда окушат. “Биздин балдар кооптуу шарттарда окуп жатышканы чындык. Келе жатканда мектеп менен айылды бөлүп турган суу каналдан өтүшөт. Ар дайым өзгөчө жаш балдар үчүн азап чегебиз, алар сууга кулап кетиши мүмкүн”, — деп кебин улады Талгар Үсөнбаевич.   

Мектеп контрамаркалар менен жылытылат. Ар бир класстын бурчунда өткөн заманды эске калган XIX кылымдын меши карарып турат. Ага электр жылыткычы жетимдей болуп жармашат. “Өрт коопсуздугу боюнча мындай жылыткычтарды коюуга тыюу салынган, бирок биз колдонобуз, башка аргабыз жок. Класстар өтө суук”, — деп актанды директор.  

Мектептен мугалимдин артынан балдар чыгышып, бир катарга тизилип, баса башташты. Мугалий эжей  чуркаган сымал кадамын тездетти, буттары калың юбкасынын этегине чалынып барат, балдар анын артынан чуркап жөнөштү. Директордон булар кайда чуркап жөнөштү деп сурап алдык. Ал бул дене тарбия сабагы, мектепте спорт зал жок, башталгыч класстын мугалими классына бардык сабакты, анын ичинде дене тарбияны да өтөт деп түшүндүрдү. 

“Бизде кандай мугалимдер бар, билесизби? Булар өз айылын, өз ишин жана балдарды сүйгөн чыныгы патриоттор, биздин балдар да тартиптүү, жакшы. Башка райондордо башка жактарга көчүп кеткендер көп, бизде андай эмес. Тескерисинче, калктын саны өсүүдө”. 

Айыл ичиндеги негизги жолдо теректер шуулдап, бак-дарактар көктү тирейт, жолдо топ-топ болуп балдар мектептен тарап бара жатышат. Жолдон алар үй канаттууларын, чакан дүкөндөрдү, ири авариялык абалдагы бүтүндөй жарака кеткен Маданият үйүн аралап өтүшөт. Балдар бузулган жолдорду, жарым-жартылай ураган үйлөрдү деле элес алышпайт. Алар бири-бирин кубалап, күлүп-жыргап, түртүшүп, секирип ойноп кетишет.  

Дүкөндөгү кишилерден алардын айылындагы балдар кайда барып эс алат? – деп сурадык. Биздин бул сурообуз аларды жаман акыбалга кептеди. Алар бири-бирин карашып, көпкө ойлонуп калышты. «Эркек балдар спорт залга күрөшкө барса болот. Ал эми кыздар кайда барышат? Алар үй жумуштарына жардам беришет», — дейт эркектердин бири.  

Текст: Диана Светличная

Фото: Диана Светличная

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 32