• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Талас облусу»: “Мектеп эле куруп беришсе”

1 Жетинин айы 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Талас облусундагы Балбал айылындагы ушундай эле аталыштагы мектеп 6 жылдан бери жаңы имаратты күтүп келет.  

Бизди Талас облусуна турмушка чыккан бишкектик жаш орун басар Салтанат коштоп жүрдү. Жамгыр тамчылаган шыпты, балдардын башын ооруткан контрамарка мешти, “М” деген эки тамгалуу эки кишилик даараткананы көрсөттү, ал жерге тыныгууларда узун кезек күтүшүп, 180 окуучу жана мугалимдер бирге барышат.  

Мектеп өз учурунда ашар жолу менен пайдубал куюлбай, таштардын үстүнө курулган. “Эгер жолдон трактор өтсө, имарат титиреп турат”. Аны 2015-жылы жараксыз дешип, колдонууга болбойт деп бүтүм чыгарышкан, анан жаңы мектептин курулушу ошол эле жылы башталган, бирок дегеле бүтпөй койду. “Кышында сууктан тоңуп отура албайсың, балдарга бооруң ооруйт. Алар оорушат, сабак калтарышат, ата-энелери даттанат, а биз эмне кылабыз?”

“Бүтүндөй мектепти оңдоо иштерине жылына 11-12 миң сом бөлүнөт. Бул акча менен коридорлорду гана актап-сырдайбыз. Класстарга жетпейт. Ата-энелер жардам беришет, 50-100 сомдон чогултушат. Класстар кичинекей, айрымдарында партада үчтөн олтурушат. Эки окуучу бир отургучта отурган учурлар да болот. Анан эмне кылабыз? Отургуч алганга акча керек”.  

Жаңы мектепти сентябрга чейин куруп бүтөбүз деп убадалашууда.  

Текст: Анастасия Валеева

Фото: Адилет Каржоев

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз.

Количество просмотров: 22