• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Абайла, мектеп! Ош облусу»: “Биз мектептин сырткы көрүнүшүн, тазалыгын сактаганга аракет кылабыз, бирок авариялык абалды оңдоп коюу мүмкүн эмес”

15 Тогуздун айы 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

Мирмахмутов айылындагы Үсөнбаев атындагы мектепти 1963-жылы орус аскерлери ашар ыкмасы менен курушкан. Өзү ушул мектепти аяктаган директор бүгүнкү күнү жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү балдарынын жашоосунан кооптонуп, бул мектепке жиберишперин, бул да жөн жерден эместигин айтат. 

“Бардык жерден жарака кеткен, мына пайдубалда жарака бар, каалаган учурда урап калышы мүмкүн. Сыртынан караганда жакшынакай эле көрүнөт, анткени боеп-сырдап, оңдогонго аракеттенебиз. Текшерүүчүлөр да келип кетишет. “Биз мектептин сырткы көрүнүшүн, тазалыгын сактаганга аракет кылабыз, бирок авариялык абалды оңдоп коюу мүмкүн эмес”   

Мектепти 2014-жылы эле авариялык абалда деп бүтүм чыгарышкан, андан бери депутаттар, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, журналисттер… айтор тынымсыз ар-ар ким келип турат… көрүп чочулап-коркушат, анан кетип калышат. “Кечке келишет, бирок натыйжа жок, үмүтүбүз да өчүп бара жатат”, — дейт директор. 

Мектептин жыгачтан жасалган полу чирип калган, чатырынан суу тамат, шыбы менен дубалдары нымдан көгөрүп кеткен. “Бизде аябай ным, эки метрден эле суу чыгат. Мугалимдердин көпчүлүгү, окуучулар да нымдуулуктан ооруп калышат”. 

Текст: Анастасия Валеева, Таалайбек Талант уулу.

Фото: Таалайбек Талант уулу.

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 23