• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Ош облусу»: “Бул имаратта окуганга болбойт, бирок биз баары бир окуп жатабыз”

8 Тогуздун айы 2021 15:38 Бишкек Govori.TV

“Кечээ жамгыр жаап жатканда, мектеп кулап калат экен деп ойлодум”,- дейт кыйшайып калган окуу корпусун көрсөтүп жүрүп Ош облусунун Өзгөн районунун Мансур Ибраимов атындагы №41 мектебинин директору Динара. “Муну жашыруунун кажети жок. Тескерисинче көрсөтүү керек. Баары көрсүн”. 

Биздин балдардын окууга көңүлү бар, бирок шарты жок”,- деп улутунат ал. “Заманбап жакшынакай мектептерде окууну кыялданышат. Алар сөзсүз даттанышат. Шарт жок. Кышкысын баш кийимчен, курткачан отурушат”. 

1932-жылы курулган мектепти ӨКМ 2004-жылы эле авариялык абалда деп таап, “жаңы мектеп куруу керек” деген корутунду чыгарышкан. А бирок курулуш иштери ордунан жылбайт. Мурун математика жана информатика мугалими болгон Динара директор болгон беш жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку Кеңеш жана чет элдик донорлор сыяктуу ар түрдүү инстанцияларды кыдырып чыкты. “Канча чуркадым. Мектеп үчүн жанымды үрөп келем. Курулай дубалды сүзгөндөй, натыйжасы жок”.

Эки жыл мурун балдар Россияга иштегени кеткен жашоочулардын үйлөрүндө окуп жүрүштү. Кийин кожоюндары кайтып келгенден кийин, үйлөрүн бошотуп бердик. Айыл Өкмөтү чатыр же боз үй тиккиле дешти. “Чатырда коопсузураак, бирок суук. “Кудай сактасын” деп эле авариялык абалдагы мектепке кайтып келдик. Бул жакта калгандан коркуп, окуучулар акырындап коңшу айылдагы же Өзгөндөгү мектепке которулуп кетип жатат. Шыпты карагылачы, жакында кулап түшөт,- дейт жогору жакты көрсөтүп директор. – Баары урап, басып калгандан кийин гана кыймылдашабы, билбейм”.  

Текст: Анастасия Валеева

Фото: Жузумкан Асхатбекова

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз.

Количество просмотров: 28