• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Чүй облусу»: “Бул мектепти оңдоо иштери сактап кала албайт”

3 Жетинин айы 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Шарафидин Коңурбаев атындагы мектеп – Боролдой айылындагы негизги имарат. Айылда 2000ден ашуун адам жашайт, асфальт төшөлгөн жол мында бардарчылык белгиси, үйлөрдүн басымдуу бөлүгү самандан салынган, көпчүлүгүндө киши жашабайт. Мектеп алыстан көрүнөт: жаңы акталган, тазаланган жолдор, жээгине боелгон таштар ирети менен тизилген гүлзар, таза жуулган терезелер күн нурун чагылтат. Ушул имарат чындап эле авариялык абалдагы мектептер тизмесине киргизилгенби деп таңдана,  кагаздарыбызды кайра-кайра текшерип, адашкандай абалда калдык.  

Имарат – совет мезгилинде курулган типтүү мектеп. Курулган жылы – 1966-жыл. Азыр мында 410 бала окуйт.  

“Мектеп жакшы көрүнүшү үчүн колдон келген нерсенин баарын жасайбыз”, — дейт директору Нургуль Бейшалиева. Ал чоң аттап мектепке кирди, мектебинин коен-жатагына чейин жат билет. Ким, качан, эмнени актады, сырдады, түтүктөр кайдан келип, кайда барат, терезеде канча гүл бар – баарын билет.  

“Ушундай абал болсо да, таза жана кооз болушун каалайсың”, — Нургүл Орозбековна экинчи кабаттын кенен коридорунда бара жатып, дубалдардагы шыбак менен актын астынан бизге жогору карай кеткен жараканы көрсөттү. 

“Бул негизги тирөөчү устундан кеткени үчүн коркунуч жаратат. Бул плита баарын көтөрүп турат, түшүнүп жатасызбы? Кийинки жылы жер титирөө көп болот деп жатышат, эгер 4 баллдан жогору жер титирөө болсо, мектеп кулап калат. Түн ичинде болсо жакшы”.  Директор менен көчөгө чыгып, башыбызды жогору көтөрүп калдык. Жаракалар бүтүндөй имаратты курчап турат, сыртынан ал жакшы көрүнөт экен.  

“Мына бул жарака тереңдеп кетти, дубалдар чалкалай баштады. Коридордон анын кыйшайып калганы көрүнүп турат. Биз Билим берүү министрлигине канча жолу жаздык, кайда гана кайрылганыбыз жок. ӨКМ мектеп авариялык абалда деген корутунду бериши үчүн 375 миң сом төлөдүк”, — дейт Нургуль Бейшалиева. 

“Биз, бул мамлекеттик мектеп болсо, анан ӨКМдин чечими үчүн эмнеге акча төлөшүбүз керек? – деп да кат жаздык. Мамлекет мамлекетке төлөйт. Мага ушул нерсе такыр түшүнүксүз”.   

Боролдой мектебинин бүтүрүүчүсү, Айыл кеңешинин депутаты Эмилбек Орозбаков өзүнүн альма-материне колдон келишинче жардам берет, айылдаштары үчүн мектеп олуттуу мааниге ээ деп эсептейт – маанилүү иш-чаралардын баары мында өтөт, шайлоолор уюштурулат. 

“Силер көргөн ысык суусу, дааратканасы бар, таза, кооз мектеп – бул директордун эмгеги. Ал мектебине жанын үрөп аракет кылат, өзү бардык жактарга барып, бир нерселерди өндүрүп келет. Биз да, албетте, колдон келген жардамды беребиз. Биздин айылдын эли өзгөчө. Бирөөнүн колун карап, көмөк күтүп отурбастан, баарын өз колдору менен жасашат.  

Боролдой айылынын жашоочулары мектепке өздөрүнүн күчү менен автономдуу жылыткыч коюшкан, ал мектептин артында эле турат, электр энергиясы өчүп калган учурга ылайыктап, генератор орнотушкан, мектеп күнөсканасында ашканага керектүү жашылчалар өстүрүлөт. Ооба, ар түрдүү фондулар, мекемелер жардам беришти, бирок жергиликтүү элдин көмөгүсүз булардын  баары жасалбайт эле. 

“Боролдой – интеллигенттүү айыл, биз кыйкырып-өкүрүп бир нерсени талап кылганга көнгөн эмеспиз, баарын өзүбүз жасайбыз, — дейт Нургуль Бейшалиева – колубуздан келбеген эле нерсе – бул мектептин дубалындагы жыртык-жаракалар, алар чоңойгондон чоңоюп бара жатат. Уламдан-улам чоңоюуда! Жыл сайын оңдоо иштери жасалат, көмүр жагып жылытабыз. Кышкы чыкыроон сууктарда кабинеттер 18-20 градус болуп турду. Балдар эшикке чыгып, үшүбөсүн, колдорун жылуу сууга жуусун деп, биринчи-экинчи кабатка ысык суу киргизгенбиз. Колубуздан келген нерсенин баарын жасап жатабыз. Бирок, ушул жаракалар колдон келбейт экен!”.

Директордун сөзүнө караганда, алардын мектеби райондогу авариялык объектилердин тизмесинде эң биринчи болуп турат. Мамлекет да айылга жаңы мектепти убадалаганына бир нече жыл болду. Айылдаштар буга ишенип, үмүт кылып, күтүшүүдө. ЮНИСЕФ тармагы боюнча алгачкы кадамдар башталган, кишилер келип, өлчөп-ченеп, бир нерселерди пландаштырып, жаңы мектеп 250 балага ылайыктуу болот деп айтышкан. Бул керектүү өлчөмдөн эки эсеге аз, бирок Боролдой буга да ыраазы болот эле.  

“Көп создуктурбагылачы, сураныч, мында балдар да! Алар коопсуз жайда окуш керек”,-деп Нургуль Бейшалиева өлкөнүн президентине өтүнүчүн айта баруубузду суранды.  

Текст: Диана Светличная

Фото: Диана Светличная

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 118