• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Ысык-Көл облусу»: “Же жылуу, бирок дем ала турган аба жок, же дем алууга болот, бирок суук”

1 Тогуздун айы 2021 15:15 Бишкек Govori.TV

Ананьев айылындагы Жусуп Абдырахманов атындагы орто мектеп –Кыргызстандагы эң эски мектептердин бири. Убагында Жусуп Абдырахманов жана Касым Тыныстанов сыяктуу Кыргызстандын белгилүү агартуучулары жана мамлекеттик ишмерлери окуп бүтүргөн.  

Ал 1908-жылы курулган. Бул шыбы жапыз, терезелери кичинекей бир кабат имарат. Суу түтүгү жок, дааратканасы сыртта. Бул мектептегилердин баарысы 1908-жылдагыдай жыттанат. Ар бир класстан XVIII кылымдын биринчи жарымына таандык чоң кара контромарканы көрүүгө болот. Бул мештер XIX кылымда кеңири тараган, XX кылымда аны буу менен жылытуучу система алмаштырган. 

“Биз бул класста кышында окубаганга аракет кылабыз, анткени аны жылытсак, дем жетпей кыйналабыз. Мектепти бүтүндөй түтүн каптап, коридордон эч нерсе көрүнбөй калат. Бул контромаркалардан жалаң эле көйгөйлөр жаралат экен, оңдоп эле келе жатабыз, эгер дем кысылбай отурсак, үшүйбүз. Адатта экинчисин тандап алабыз. Анан балдар да, өзүбүз да көп ооруйбуз”, — дешет мугалимдер. 

Мектепте 415 бала бар. Алар эки сменада окушат. Кабинеттер жетишпейт, жаңы технологиялар тууралуу кеп да жок. Эски парталар, жыгач такталар, дубалдарда илинген плакаттар.  

“Күзүндө, жазында чатырдан суу тамат, өз күчүбүз менен бир нерселерди жасаганга аракет кылабыз. Мына дубалдардан жарака кетип, тигине пол сынып жатат. Бул класска кирбегенге аракет кылабыз, мунун дубалдары кулап калышы мүмкүн”,- деп мектептин директорунун орун басары Гульнара Касымалиева тар коридор менен көргөзүп жүрүп отурду.  

Коридордун дубалдарында кереге гезиттер, сүрөттөр, терезелерде герань гүлдөр. Ар бир класста сөзсүз кездешүүчү нерсе – биздин доорго чейинки бети-колду жуугуч. Анын үстү жагынан бир чака суу куюлуп, кол жуулат, астына суу толгондо төгүп туруучу чака коюлат. Колубузду жууп, мыкта илинип турган сүлгүгө аарчындык.

Ашкана – короо ичиндеги кичинекей бөлмө. Таза, ээн, караңгы. Шыптын астында Ильич шамы салаңдап турат.  

“Бизде ысык тамак жок. Мына эртең мененки тамакты берип жатабыз, чай менен коржик же булочка”, — деп көрсөттү Гульнара Шатыкановна. Ашканада да бизге тааныш кол жуугучтар, короодо суу толтурулган бочка. 

Мындагы имарат ангарга көбүрөөк окшошуп турду. Завуч бул биздин жыйындар өтүүчү жана спорттук залыбыз дейт. Чарба курулуштарынын артындагы дааратканага бара алган жокпуз.  

“ӨКМ биздин мектептин авариялык абалы тууралуу корутундусун чыгарганга чейин эле, бизге беш жыл катары менен депутаттар келишкен. Келип-көрүшүп, бул жерде эми дагы 15 жыл окуса болот”,- деп кетишкен дейт.   

Эски мектептен жүз метр арыраакта жаңы эки кабаттуу мектептин курулушу башталган. Мамлекет каражат бөлүп берип, жаңы окуу жылына бүтөт деп убада кылышкан. Азырынча дубалы гана бүттү, ичтери бөлүнө элек, коммуникациялар коюла элек.

“Биздин айылдагы эң чоң көйгөй – суу көйгөйү. Аны түштө бир саатка гана берет. Ошондуктан жаңы мектеп жылытуучу системасы, канализациясы менен болот деп айта албайм”,- деп көйгөйүн мойнуна алды орун басар.  

Курулуп жаткан объектини аралап жүрүп, эски мектептеги кабинеттерден да мындагылар кичинекей экенин байкадык. “Ооба, биз дагы класстар өтө кичинекей го деп айтканбыз, биздин класстарда 30дан бала окушат да, а буларга 16дан ашык батпачудай, анан калса мугалим дубалдагы тактага жармашып калчудай. Бирок, биз буга да кубанып жатабыз, эртерээк эле бүтүрүп беришсе экен. Бир нече сменага бөлүнүп окусак да, коопсуз жайда болобуз, балким, жылуу да болор деген үмүттөбүз”.

Текст: Диана Светличная

Фото: Диана Светличная

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 141