• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абакта Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатат

22 Бирдин айы 2021 13:18 Бишкек Govori.TV


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов кан басымы боюнча даттанды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн УКМКнын абагына барып, камактагы жарандардын шарты менен таанышкан.

«Матраимов кармоо шартына эч кандай нааразычылыгы жок экенин айтты, болгону кан басымы бир аз жогорулап жатыптыр. УКМКнын абагынан (СИЗО) Матраимовго медициналык кызмат көрсөтүлүп жатат», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган. Мындай чечимди 20-февралда Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Количество просмотров: 394