• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы активист Шаменов ооруканага жаткырылды

11 Чын куран 20239:35 Бишкек Govori.TV

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

“Ооруканага жаткырылышы зарыл” деп медиктер айткандан 27 күн өтүп, акыры Шаменов ооруканага жаткырылды»,-деп жазды Жоошев.

Өткөн жылдын 23-октябрында Ички иштер министрлиги тарабынан саясатчы, жарандык активист, укук коргоочулар кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

27-октябрда Шаменов Москва шаарынан кармалганы кабарланып, Орозайым Нарматова менен бирге Бишкекке жеткирилген.

Количество просмотров: 79