• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Абактагы Шаменовго кошумча айып угузулду

4 Бугу 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Илгиз Шаменовго 3-майда кошумча айып угузулду. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Азыр Илгиз Шаменовго Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан төмөндөгүдөй кошумча айып угузулду. “Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн”. Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган», — деп жазды Жоошев.

ИИМ буга байланыштуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 149