• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Илгиз Шаменов: Далилсиз отурганбыз боюнча комиссия түзүлсүн

27 Бештин айы 202211:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) камакта калтырды. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 20-февралга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

«Президент Садыр Жапаров далилсиз отурганбыз боюнча комиссия түзүү тапшырмасын берсин»,-деди ал.

Илгиз Сарылдык уулу Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген.

Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен.

Анын алкагында Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү — 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап, ачкачылык жарыялашкан.

Количество просмотров: 681