• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Илгиз Шаменовду тез арада ооруканага которуу керек

28 Жалган куран 2023 9:57 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги СИЗО-1де камакта жаткан жарандык активист Илгиз Шаменовду тез арада ооруканага жаткыруу керек. Бул тууралуу активисттин фейсбук баракчасына жарыяланды.

Ал өз кайрылуусун өлкөнүн Акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон.

«Урматтуу мекендештерим, массалык маалымат каражаттары, укук коргоочулар! Ден соолугумдун начарлашына байланыштуу, ЮРФА клиникасынан обследования өтүп, жүрөгүм жана бөйрөктөрүм обострения алдында экени аныкталды. СИЗО-1 жана СИНдин мед управлениясы, ооруп жатканымды көрүп билип туруп, леченияга чыгарбай убакытты атайлап созуп, шалаакы мамиле жасап жатышат. Мунун себебин жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев уруксат бербей жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Бул кыйноо фактысы деп эсептейм, эң биринчи байлык ден соолук. Тилекке каршы мыйзамсыз абакта жатканым аз келгенсип, эми конституциялык укуктарымды дагы тебелеп жатышат. Мекенди коргоо, мекенди сүйүү бул кылмыш эмес!», — деп жазылат кайрылууда.

Кечээ, 27-мартта бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкектеги СИЗО-1 абагында жаткан Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна, укук коргоочу уюмдарга жана ММКларга кайрылуу жолдошкон.

Алар кайрылуусунда чара көрүп, Гүлнара Журабаева, Таалайбек Мадеминов, Илгиз Шаменов жана Чыңгыз Капаровду дарыланууга жөнөтүүнү суранышкан.

Количество просмотров: 250