• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Асановдун абалы начарлап жатканын айткан укук коргоочу бийликке кайрылуу жолдоду

12 Жалган куран 2024 9:21 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылуу жолдоду.

Абдирасулова өз кайрылуусунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучу Бектур Асановдун ден соолугу начарлап бара жатканын жана ал чет жакка чыгып дарыланууга муктаж экенин жазган.

«Кемпир-Абад кылмыш иши боюнча соттолуп жаткан Жогорку Кенештин III чакырылышынын депутаты, Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси, Жалал-Абад обласынын мурдагы губернатору Асанов Бектур Жантороевичтин ден-соолугу начарлап, абалы күндөн-күнгө оорлоп баратат. Бектур Асановдун беш моюн омурткаларында грыжа бар. Алардын бирөсүн Бишкектеги улуттук ооруканада операция жолу менен алып салышкан. Калган грыжаларды операция жолу менен алууга врачтар «техникалык мүмкүнчүлүктөр» Кыргызстанда жок экенин айтышууда. Бүгүнкү күндө Бектур Жантороевич өз алдынча кыймылдай албайт, күнү-түнү ооруну басандатуучу дарыны тынбай ичкенге айласыз болуп жатат», деп жазды ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучу Бектур Асановду чет жакта операция жасоо үчүн Кыргызстандан сыртка чыгарууга уруксат берген эмес. Жактоочунун айтымында, кыргыз дарыгерлери Асановго операция жасап, бир сыйра дарылагандан кийин ага шашылыш түрдө дагы операция жасоо керектигин эскертишкен. Андай операция чет өлкөдө жасалары аныкталып, саясатчынын жакындары Түркиядагы клиника менен макулдашкан. Ал жактагы оорукана операцияны 12-мартка дайындаган жана сот уруксат берсе алар 8-мартта учуп кетишмек.

9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановду ооруканага которуу талап кылып, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” жарыялашкан. №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 96