• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бектур Асанов: Элди алаксытуу максатында кошумча айып тагып коюшту

11 Бугу 2023 18:23 Бишкек Govori.TV

Элди алаксытуу максатында кошумча айып тагып коюшту. Мындай пикирин бүгүн, 11-майда Июнь окуясы боюнча сот отурумуна алынып келинген саясатчы Бектур Асанов билдирди.

«Мурдагы эле беренени өзгөртүп коюшту. Менин оюмча кылаарга иштери жок ушундай сунуштарды киргизип жатышат»,-деди Асанов.

Буга чейин Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына дагы бир айып тагылган. Жактоочулардын маалыматы боюнча, бул жолу алар Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга  чакыруу» беренелери боюнча айыпталууда.

2022-жылдын октябрында «Кемпир-Абадды коргоо комитети» түзүлгөн. Мындан соң 20дан ашык саясатчы, блогер, укук коргоочу, активисттер кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелде Биринчи май соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан 7 адам ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарса дагы 15нин камактагы мөөнөтүн узарткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат. ИИМ иште далилдер жетиштүү экенин айтса, айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет.

Количество просмотров: 180