Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевден кабар алганын жана анын абалы оор экенин айтты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Бүгүн атамды көрүп чыктым, анын абалы оор. Кан басымы өтө ылдый. Экс-президенттин абалы тынчсызданууну жаратат деген жактоочулардын сөзү туура. Ал бизге, балдарына оорусун жашырууга аракет кылууда»,-деп жазган ал.