• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абактагы Илгиз Шаменов кат жазып, кысым болуп жатканын айтты

21 Жетинин айы 2022 13:08 Бишкек Govori.TV

Эң негизги менин кармалгандыгымдын себеби Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм, себеби Кемпир-Абаддан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат». Бул тууралуу убактылуу кармоочу жайда жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов жазды.

«Урматтуу мекендештерим, массалык маалымат каражаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдар, кыйноолорду алдын алуу борбору, Акыйкатчы — мен негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата айрым СИЗОнун кызматкерлери аркылуу кысым болуп жатат, негизсиз текшерүүлөр, кылган мамилелери, коркутуулар болуп жатат. Бул боюнча СИЗОнун жетекчилерине бир-нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок. Ошондой эле мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан дагы жабыр тарткан адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат билбейм? Ошол себептен коомчулука кайрылып жатам»,- деп жазылат катта.

Эске салсак, 17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) камакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Анын алкагында Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү кармалган.

Количество просмотров: 647