• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сот Сооронкулованы камакта калтыруу чечимин чыгарды

27 Бештин айы 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасы каралып, сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

«Булар Кемпир -Абад келишимин чечип алалы дешкен. Чечилди, бизди камактан чыгарыш керек болчу. Бирок моролдык басым кылып, экинчи ооз ачкыс кылалы деп жатышат. №1 тергөө абагында начальниги «биз силерди тарбиялап жатабыз» деп ачык эле айтып жатышат»,-деди ал.

Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бишкектин Биринчи май райондук соту башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан.

Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 104