• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абактагы Жээнбеков ачкачылыкты токтотту

28 Бештин айы 2022 11:49 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбеков ачкачылык кармоону токтотту. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу мекендештер, мен 27 декабрдан тарта ачкачылык акциясын токтоттум. Акцияны күнөөсүз айымдарды түрмөдөн бошотуу талабы менен баштаган элем. Тилекке каршы максатыбызга жетпедик. Кемпир-Абад маселеси бат эле өлкөдө кимдин ким экенин көргөзөт. Тарых баарын ордуна коёт. Мен жеке эркин, демократиялуу өлкө, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүмдү уланта берем»,-деп жазган ал.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышкан. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин айтылган болчу.

Количество просмотров: 72