Абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен жолукту. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, 6-октябрга караган түнү Бишкекте өтүп жаткан митингдин катышуучулары УКМКнын имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгып кетишкен.
Эске салсак, Атамбаев баштаган ондон ашуун адам Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан. Быйыл июнь айында мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.