• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Абактын аймагына баңгизат ыргыткан жаран кармалды (сүрөт)

26 Үчтүн айы 202215:31 Бишкек Govori.TV

Түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизаттарды ыргыткан жарандарды аныктоого жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, түзөтүү мекемесинин ыкчам кызматкерлери менен ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин аймагына баңгизатты мыйзамсыз сатып өткөрүүгө шектелген жаранды кармашкан. Бул баңгизаттар түзөтүү мекемесиндеги жазаларын өтөп жаткандарга арналган.

«10-январь күнү Жалал-Абад шаарында болжол менен 05:30 чамасында №10 түзөтүү мекемесинин короосуна белгисиз адам тарабынан скотч менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар 17 таңгактагы баңгизатты ыргытышкан.
12-январь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

14-январь күнү Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургуну 1975-жылы туулган М.Б. кармалды.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, түзөтүү мекемесине ыргытылган баңгизат “Марихуана” экендиги аныкталды. Анын жалпы салмагы 9 кг.430 граммды түздү», — деп айтылат дейт.

Кармалган жаран Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 912