• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Абдикаримов коронавирус боюнча абал кооптуу деген үч аймакты атады

15 Аяк оона 202014:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын үч аймагында коронавирус боюнча абал кооптуу болуп турат. Бул тууралуу 15-сентябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, республика боюнча көрсөткүчтү ар бир 100 миң кишиге деп санаганда Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарында жогору болууда.

«Мисалы, 7-13-сентябрда республикада көрсөткүч жети болсо, Баткенде 19, Ысык-Көлдө жана Бишкекте 11 болду. Башка аймактарга караганда булардын көрсөткүчү жогору», — деди ал.

Министр аталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталышы керек экенин белгиледи.

Количество просмотров: 5980