Кыргызстанда сасык тумоону алдын алуу аракеттери көрүлүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119,663 дозасынын биринчи партиясын сатып алганын министр Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда айтты.
«Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылып жатат. Эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат», — деди министр.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерге жүргүзүлөт.