• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Абдил Сегизбаев июлга чейин камакта калтырылды

20 Бугу 2021 12:55 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Маалыматка ылайык, баш коргоо чарасын узартуу чечими бүгүн, 20-майда кабыл алынган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев кечээ, 28-январда, Биринчи май райондук сотунун саясатчыны УКМКнын Тергөө абагында 25-мартка чейин кармоо боюнча токтомунун үстүнөн Бишкек шаардык сотуна арызданган.

Количество просмотров: 133