• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Абдил Сегизбаевдин аялы менен тарапташтары бошотулду

28 Үчтүн айы 202115:19 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин милиция кармап кеткен тарапташтары бошотулду. Бул тууралуу Сегизбаевдин катчысы Мээрим Асанова билдирди.

«Нааразычылык акциясына чыккандарды милиция кармап кеткен. Протокол тузүлгөндөн кийин кайра бошотулду»,-деди ал.

Бүгүн Абдил Сегизбаевдин пикетке чыккан тарапташтарын жана жубайы Айнура Сегизбаеваны милиция Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Алар Сегизбаевди колдоо иретинде 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

Количество просмотров: 266