• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абдил Сегизбаевдин жактоочусу райондук соттун чечимине каршы арызданды

29 Үчтүн айы 2021 10:51 Бишкек Govori.TV

Абдил Сегизбаевдин жактоочусу Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз берди. Бул тууралу Сегизбаевдин катчысы Мээрим асанова билдирди.

Маалыматка ылайык, Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев Биринчи май райондук сотунун Абдил Сегизбаевди үстүбүздөгү жылдын 25-мартына чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакка алуу жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылды.

«Жактоочу, иштин бардык жагдайлары эске алынбастан чыгарылган соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Андыктан сотко чейинки өндүрүш мезгилинде А.Сегизбаевге карата баш коргоо чарасы кайрадан каралып чыгышы керек. Ошондой эле, Кантемир Турдалиев Бишкек шаардык сотуна, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Н.Ж.Ибраимовдун Сегизбаевге карата, аны камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү апелляциялык арыз берди»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаева сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, 25-мартка чейин камакка алынган. Сегизбаев Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталууда.

Количество просмотров: 95