• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдирасулова: «Комитет түзүү кайсы мыйзамга каршы келет?»

9 Бештин айы 202216:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда КР Акыйкатчысынын демилгеси менен «Кыргыз Республикасындагы адам укуктары тууралуу улуттук диалог» өтүп жатат.

Мында укук коргоочу Азиза Абдирасулова сөз эркиндигине болгон кысымды сынга алып, Кемпир-Абад абад боюнча камалгандардын мыйзамсыз экенин айтты.

«Ушул жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча комитет түзүү боюнча жыйын өткөрүштү. Комитет түзүү качантан бери кылмыш болуп калды эле? Буга чейин «Садыр Жапаровду коргоо комитети», «Өмүрбек Текебаевди коргоо комитети»,- болуп эле жүрбөдү беле?! Комитет түзүү кайсы мыйзамга каршы келет?», — деди Абдирасулова.

Белгилей кетсек, 10-декабрь «эл аралык адам укуктарын коргоо » күнү катары белгиленет.

Количество просмотров: 101