• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абдирасулова менен Аргымбаев бошотулду

15 Жетинин айы 2022 19:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы акция учурунда кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана «Саясий туткундарды коргоо» комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев бошотулду. Маалыматты Govori.TVга Аргымбаев өзү тастыктады.

«Спирт ичимдиктерин ичти деген жүйө менен текшерүүдөн өткөрүштү, бирок жыйынтыгы терс чыкты. Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилдик. Бизди Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, «Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое беришти»,-деди Аргымбаев.

Ал эми укук коргоочу Абдирасулованын милиция бөлүмүндө отурганда кан басымы көтөрүлүп кеткенин, кант диабети оорусу да козголгону кабарланды.

Количество просмотров: 594