• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Абдишүкүр Нарматов: Аалым кетсе анын орду бош калат, канча күн чыгып, канча күн батпасын ал боштук толбойт 

11 Теке 202015:36 Бишкек Govori.TV

Дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов фейсбуктагы баракчасында белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловду эскерип, билдирүү жазды.

“Илим жөндөн-жөн жоголбойт, аалымдардын кетүүсү менен жоголот”. “Устаз, өзүңүзгө жакшы караңыз, сиз үммөткө керек адамсыз…”
Чубак устаздын мага айткан акыркы сөзү ушул болду. Саат сегизде сүйлөштүм эле, “Мен жакшымын, өзүңүзгө караңыз, үммөткө керексиз” деп менин көңүлүмдү жубаткан. Көп өтпөй суук кабар келди…
Бүгүн элибиз Чубак устаздан айрылган жок, дин илиминен айрылды, диндин туусун көтөргөн мураскордон, пайгамбардын мураскорунан айрылды.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллах Таала дин илимин жөн эле көтөрүп кетпейт, аалымдардын өмүрүн алуу менен көтөрөт” – деген. Бүгүн Орто Азия эле эмес, бүт Ислам дүйнөсүнө белгилүү аалымыбыздан айрылдык. Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз. Аллахтын тагдырына ыраазы болобуз, Аллахты ыраазы кыла турган сөздү гана сүйлөйбүз. Мындан башка аргабыз да жок. Устазды эскерип, анын эл үчүн, дин үчүн жасаган ат көтөргүс эмгегин жазсаң жыйнак-жыйнак китеп болору чын. Бирок, азыр оозума бир ооз сөз келбей, айтарга сөз таппай отурам…
Устаздын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын санаалаш досторуна, илимин алган шакирттерине, кыргыз элине жана жалпы мусулман үммөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. “Аалым кетсе анын орду бош калат, канча күн чыгып, канча күн батпасын ал боштук толбойт”. Кылымда бир жаралган аалымыбыздын барар жери бейиш болсун. Аллах Таалам билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирсин. Устазыбыздын жайдары жүзү, уккан жанды бир жылмаюуга аргасыз кылган куйкум сөздөрү, жүрөк түпкүрүнө барып жайгашкан орундуу сабактары ар дайым элесибизде сакталат.
Кайрат кыл, кыргыз элим, жамандыктын арты ушул болсун…

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов 45 жашында оорудан улам көз жумду. Анын жаназасы 11-июль күнү Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында болот.

Количество просмотров: 856