• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Абдрахманов менен Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

22 Аяк оона 2021 13:41 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 22-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болду.

«30 жылдык эгемендиктин башаты 20-кылымдын соңуна барып такалса, ошол 20-кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгү жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Кыргыз эли ырыс-кешиктүү эл. Мына ошол ырыстуу элдин маңдайына жок болуп кетүү коркунучунан сактап, мамлекеттүүлүгүбүздүн жаңы доордун шартында түптөлүшүнө, калыптанышына жана өнүгүшүнө Жусуп Абдрахманов сындуу бир катар улут көсөмдөрү жазылыптыр. Журт бактысына жаралган мыктыларыбызды ошол кездеги бийлик ар кандай жалган жалаалар менен ак жеринен күнөөлөп, өлүм жазасын беришкени мына кадимки тарыхта жазылуу.

Анткен менен уюткулуу элибиздин учу куру болбой, улам жаңы, чыгаан урпактары менен толукталып турган. Алардын бири Улуу Ата Мекендик согушта Берлинди алганга чейинки кан майданды башынан өткөрүп, Рейхстагды алуудагы эрдиги аңыз кепке айланган, андан кийин мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын татыктуу басып өтүп, өз кезегинде өкмөт башчылыкка чейин жеткен мамлекеттик ишмер Акматбек Сүйүмбаев», — деди президент.

Ал Акматбек Сүйүмбаев Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы кызматында иштеген жылдары кыргыз элинин рухий байлыгын көтөрүүгө, маданиятын арттырууга жана республиканын социалдык-экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошконун айтып берди.

«Ошол эле маалда жөнөкөй, ары иштерман, мыкты уюштургуч жетекчи тууралуу артында далай жакшы сөз калат экен. Акматбек Сүйүмбаевдин карапайым эл менен камыр-жумур аралаша иштеген министр болгонун замандаштары эскерип кетишкен экен», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-интеллектуалдык өзгөрүүлөр менен өнүгүүнүн сап башында турган Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин кылымга тете эрдиктерин баалоо чоң сыймык экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекетибиздин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу — өтө маанилүү тарыхый окуя.

«Ошол оомал-төкмөл, оош-кыйыш мезгилде кара башын сайып, майтарылгыс саясий эрк көрсөтүп, мамлекеттүүлүктү түптөп, эл жүгүн аркалап, өлкөнүн өнүгүүсүнө жол чапкан журт аталарынын мурасын баалап, өрнөгүн улоо мойнубуздагы ыйык милдет деп билем», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 272