• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Абдраимовдун отставкасын талап кылгандарга 3 депутат кошулду

6 Кулжа 201918:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасын 3 депутат талап кылды. Бул тууралуу депутта Эльвира Сурабалдиева жазып чыкты.

«Гендердик теңчилик мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң көмөктөш болот деп ишенип, саясатта элдин үнүн жеткиргендердин арасында депутат айымдырыңардын позицияларын угуп эле жүрөсүздөр. Баардык жарандарыбызга, өзгөчө жаштар, уул- кыздарыбызга келечекте адилеттүү, калыстыкта негизделген бийликтин орнолушуна тилектешбиз. Заманыбыз жакшыга өзгөрүлүш үчүн дискриминацияга, орой мамилеге, эски адаттагыдай басмырлоого жол бербеш керек. «Кебетең жакпайт» деп журналист айымды кемсинтип, интервью бергенден качкан аткаминерге жарашпайт. Бийликте жүргөн ар бир жетекчиге кайрылат элек — жарандарыбыз ачык-айкын маалыматты өз убактысында алууга укуктуу.#АбдраимовКетсин
Жогорку Кеңештин депутаттары —
Аида Касымалиева, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева»,-деп жазылат маалыматта.

Булак: fakt.kg

Количество просмотров: 14