Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Өкмөт башчы, Мухаммедкалый Абылгазиев бардык жагдайлар такталгандан кийин өкмөттүн Чүйдөгү өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берүү маселесин карайт. Бул тууралуу өкмөт башчынын катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
«Премьер-министр мындай даражадагы мамлекеттик кызматкер менен журналисттин ортосунда ушундай кырдаал жаралганына өкүнөт. Мындай жагдайлар бүткүл аткаруу бийлигине көлөкө түшүрөт», — деди катчы.
Анын айтымында, премьер-министр мамлекеттик органдардын жетекчилеринен ачык-айкындуулукту талап кылат. Ошондо гана жарандардын бийликке жана мамлекеттик чечимдерге карата ишенимин арттырууга болот.
«Бул өзгөчө коомдогу актуалдуу маселелерге көңүл бурган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен кызматташууга тиешелүү. Буга байланыштуу бардык жагдайлар иликтенгенден кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун аракетине баа берүү маселесин карайт», — деди Султаналиев.
Эскерте кетсек, Туйгунаалы Абдраимов Ороктогу айылындагы жаңжал боюнча айтып жатканда журналисттин узаткан суроосуна ал “Ала-Тоо 24” телеканалына гана жооп берээрин айтып,мунун себебин сураган журналистке “сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен”,- деп каткырып басып кеткен. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сураганда “андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да”,- деген бойдон жолун улаган.