• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Абылгазиев Минскиге учуп кетти

26 Жетинин айы 201811:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.11.2018.Govori.TV.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти.
Абылгазиев Бишкектен 26-ноябрь күнү жөнөп кетти. Күн тартибинде соода-сатык, өнөр жай, энергетика, экономика, каржы саясаты жана агро өнөр жай маселелери талкууланмакчы. Андан тышкары, ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү тууралуу сөз болот.
Жыйын РФ премьер-министри Дмитрий Медведевдин төрагалыгы алдында өтөт.

 

Количество просмотров: 56