• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абылгазиев: Электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт

2 Бугу 2020 17:26 Бишкек Govori.TV

Электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт жана мурунку деңгээлинде калат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын өкүлдөрү менен өткөн онлайн жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы экономика тармактарын жана калктын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө токтомго кол койду.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү уланып жатканына карабастан, 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү өз убагында башталышы керектигин кошумчалады.

“Былтыркы токтом жакшы аткарылды. Мезгил эч кандай аша чабуусуз өттү. Аба ырайы жылуу болгондуктан, авариялык өчүүлөр аз болду жана Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдонгон көлөмүнүн 4% үнөмдөдүк.  Адистердин божомолунда быйылкы жылы суу аз болот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күзүндө 15 миллиард 600 миллион метр кубдан ашпайт. Бул импорттук да, жергиликтүү да көмүрдү, ошондой эле мазут жана газды камдап алышыбыз керектигин айтып турат. Бирок баа маселесин чечкенибизди айтып коеюн, электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт жана мурунку деңгээлинде калат”, – деген Абылгазиев.

Мындан сырткары, өкмөт башчы “Ошэлектр” ишканасын ишин сынга алып, жоготуулар, дебитордук карыз, үнөмдөө боюнча көрсөткүчтөрү эң төмөн экенин айткан.

“Жаңы жетекчилер жылдап киреше алып келбеген эски схема менен иштебей, жаңы идеялар менен келиш керек”, — деп билдирген Абылгазиев.

Количество просмотров: 149