• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев: Пенсия, жөлөк пул өз учурунда жана толук көлөмдө каржыланат

6 Бугу 2020 17:44 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоор жактырылды. Тиешелүү чечим өкмөттүн онлайн-конференция режиминде өткөн кезектеги жыйынында маалымдалды.

«Коронавирус инфекциясынын пандемиясынын өлкөнүн экономикасына таасири бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылды. Ал бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү жана чыгымдардын артыкчылыктуу эмес беренелерин оптималдаштырууну эске алуу менен түзүлгөн. Жыйынтыгында министрликтердин жана ведомстволордун, анын ичинде Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарынын чыгымдарын жалпысынан 10,6 млрд сомго кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул республикалык бюджеттин учурда болгон каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт», — деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бөлүнгөн 3,5 млрд сомдун 640 млн сому укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошумча каржылоого, 411 млн сом азык-түлүк коопсуздугуна жана 868 млн сом коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталды. Мындан тышкары cаламаттыкты сактоо тармагын, анын ичинде мамлекеттик инвестициялык программаны каржылоо 4,3 млрд сомго көбөйдү.

«Чыгымдардын кыскарышы бюджеттин корголгон беренелерин 110 млрд сом өлчөмүндө төлөөгө таасир тийгизбейт. Бардык социалдык милдеттенмелер: айлык акы, пенсия, жөлөк пул өз учурунда жана толук көлөмдө каржыланарын өзгөчө баса белгилегим келет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Количество просмотров: 2575