• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мушистин менен телефон аркылуу сүйлөштү

9 Жалган куран 202019:22 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар Кыргызстан — Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. 

Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Михаил Мишустин валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти.

Количество просмотров: 99