• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Ачып атканы контейнер мектеп. Барганы беш чиновник». Нарында ачылган мектеп талкуу жаратты

3 Аяк оона 201915:03 Бишкек Govori.TV

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар мобилдик үйлөрдө окуй баштаганы тууралуу маалымат коомчулуктун талкуусуна алынып, түрдүү пикирлерди жаратты.

Социалдык тармактын колдонуучусу Токтосун Шамбетов «Ачып атканы контейнер мектеп. Барганы беш чиновник» деген пикирин калтырган.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1995399687228099&set=a.304121663022585&type=3&theater

Эске салсак, буга чейин Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар мобилдик үйлөрдө окуй баштаганы тууралуу маалымат айтылган эле.

«Кеңеш айылындагы мектептин эски имараты авариялык абалда, кирүүгө кооптуу» деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүтүм чыгарган. Ал мектепте 160 окуучу бар. Алар мындай мобилдик үйдө суук түшкүчө окушат. Кыш түшкөндөн кийин айылдан мектепке ылайыктуу турак үйлөр каралат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 326