Адам өлтүрүүгө шектүү катары издөөдө жүргөн жаран Ош аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү Ош шаарынын аэропортунан Орусиядан учуп келген Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал дээрлик 14 жыл Орусиянын аймагында жана ар кайсы шаарларында жашаган жерин өзгөртүп, жашырынып жүргөн.
«Шектүү Дж.М. Оштогу июнь окуяларында, 2010-жылы 13-июнда, Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун шериктери (кармалышкан) менен Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерден жаранды мыкаачылык менен өлтүрүп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Маркумдун сөөгү 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын аймагынан табылган. Кийин абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда Дж.М. из жашырган», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.