• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Адам сатууга каршы жана аны алдын алууга арналган тегерек стол өттү

20 Аяк оона 2019 12:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрда адам сатууга каршы жана аны алдын алууга арналган тегерек стол болду. Тегерек стол адам сатууга каршы Глобалдык акциянын алкагында өттү. 

Тегерек столдун максаты болуп мигранттарды мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгарууну анализдөө, укутук баа берүү болуп саналат.

Мындан тышкары, адам сатуу фактыларынын алдын алуу боюнча Улуттук механизми тууралуу айтылды. Анда мигранттардын укуктары бузулуп жаткан учурларды аныктоо башкы максаты катары эсептелинет.  

Улуттук механизимдин алкагында мигранттарды мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып, чынында эле адам сатуу фактысы катталдыбы, эгер катталса кулчулукка кабылган жаран менен иш алып баруу, көмөк көрсөтүү, аны мекенине кайтаруу  иш чаралары өтөт.

Кошумчалай кетсек, чет өлкөлүк донорлордун жардамы менен ишке ашып жаткан бул иш чара акыркы эки жылдан бери тынымсыз өтүп жатат. Анда укук коргоо органдарынын бул тармактагы кызматкерлерин адам сатуу фактыларын туура аныктап чыгуу ыкмаларын үйрөтүү боюнча да окуулар, семинарлар байма-бай өтүп келет.


Количество просмотров: 92