Москвада аэропортто калган кыргызстандыктар нааразы болгон билдирүүсү социалдык тармакта жайгаштырылган.
Анда кыргыздар полиция кызматкерине аба майдандан чыгарып салууда адамкерчилик кайда деп суроо узатып, нааразы пикирлерин айтып жатышканын көрүүгө болот. Ал эми кызматкер аларды аэропорттун ичинде жайгашууга болбой турганын түшүндүрүп жатат. Жарандар мекенине учуп кетүүгө учак керек экенин айтышууда.