Москва шаарынын «Домодедово» аэропортунда 2 күндөн бери Казакстанга уча албай, аэропортто калган жүргүнчүлөрдүн видеосу тарады.
Жүргүнчүлөрдүн айтымында, Москвадагы кыргыз диаспорасы аларды тамак-аш менен камсыздоодо.
«Эки күндөн бери үйүмө учуп кете албай жатам. Авиакомпания да, Орусиядагы Казакстандын элчилиги да бир дагы телефон чалууга жооп бербей жатат. Азыр Бишкек аркылуу үйгө жетүүгө аракет кылып жатам. Казакстанда интернетти да өчүрүп коюшкандыгына байланыштуу үйдөгүлөргө да байланыша албай, сарсанаа болуп жатабыз. Ушундай кырдаалда бир гана Москвадагы кыргыз диаспорасы кол сунуп, ысык тамак жана суу менен камсыздап колдоо көрсөттү», — деп билдирген Гаухар аттуу жүргүнчү.
Граждане Казахстана🇰🇿 застряли в московском аэропорту Домодедово. Единственные, кто им помог — кыргызская🇰🇬 диаспора в Москве.
— Jam_айым (@JamOs61848768) January 6, 2022
“Осторожно, новости” поговорили с людьми, которые не могут вернуться домой. Уже двое суток они не покидают столичный аэропорт. pic.twitter.com/SsLYsC3O0t