• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аэропорттон беш ителги алып бараткан чет элдик кармалды

23 Жетинин айы 2020 13:13 Бишкек Govori.TV

Кызыл китепке кирген канаттууларды өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылган чет мамлекеттин жараны «Манас» аба майданынан колго түшүрүлдү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда таңкы саат 05.30дар чамасында жүк ташуучу терминалдан коңшу өлкөлөрдүн биринин 25 жаштагы С. Д. аттуу жаранынын кол баштыгынан беш ителги табылган. Текшере келгенде ителгилердин үчөө тирүү, экөө өлүп калганы белгилүү болгон.

Аталган факты КЖБРге Жазык кодексинин 293-беренеси («Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү жүрүүдө.

Количество просмотров: 129