• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Афганистандан Тажикстанга качкан этникалык кыргыздар Кыргызстанга эвакуацияланат

15 Теке 2021 17:18 Бишкек Govori.TV

Афганистандан Тажикстанга качып кирген этникалык кыргыздар Кыргызстанга эвакуацияланат. Бул маалыматты бүгүн, 15-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кичи Памирдеги этникалык кыргыздар тажик чек арасынан өткөнү тууралуу алгачкы маалымат Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги тарабынан 12-июлда маалымдалган. Кийинчерээк элчилик этникалык кыргыздардын өкүлү менен байланышып, алар чындыгында Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Мургаб районундагы Кызыл-Рабат айылы тарапка багыт алышканы белгилүү болду.

Министрлик Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарда үзгүлтүксүз байланышта болуучу каражаттар жана толук мүмкүнчүлүк жок болгондуктан алар менен дайыма байланышып, бардык кадамы тууралуу билүү убакытты алып, кыйынчылыктарды жаратып жатканын билдирди.

«Бул маселе Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүндө турат. Мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын өкмөтү менен афганистандык кыргыздарды Кыргызстандын аймагына эвакуациялоо маселелерине байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Кыргызстан тарап бул маселени ыкчам жана натыйжалуу чечүүдө Тажикстан максималдуу кызматташат деп ишенет.

Количество просмотров: 266