• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Эл үмүтүн» алгандар өз өлкөсүнө иштөөгө келбей жатышат. Министр аларды кайтаруунун жолун сунуштады

6 Бирдин айы 202512:52 Бишкек Govori.TV

«Эл үмүтү» стипендиясын алгандар окуусун аяктаган соң өз өлкөсүндө иштөө үчүн келбей жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

“Алар Кыргызстанга кайтып келип иштеп, эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшүшү керек эле, бирок алар келбей жатат. Ошондуктан 2024-жылы билим алгандар мамлекетке кызмат көрсөтүүгө милдеттүү деген эрежени киргиздик. Алар мамлекеттик кызматта 5 жыл иштейт же төлөнгөн контракттык акыны төлөп бериши керек”, — деди министр.

Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, үч жылдын ичинде “Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын 36 стипендиатын окутууга 177 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Количество просмотров: 344