• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ахматбек Келдибеков: Текебаев менен чабышам

22 Аяк оона 2020 9:56 Бишкек Govori.TV

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековдун Алайдагы эл менен жолугушуу учурундагы видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда жергиликтүү жашоочулардын бири менен Келдибеков кайым айтыша кеткен. Алайдын тургуну Ахматбек Келдибековго «канча жылдан бери депутат болуп келе жатасыз эмне иш кылдыңыз?» деген суроо узаткан.

Ал эми Келдибеков 8 жылдан бери Атамбаев жана Текебаев менен чабышып келгенин айтып жатканын көрүүгө болот.

«Текебай деген менен чабышкам билбесең. Мен Текебаев менен чабышам Жанар сага окшогон үкам болот. Текебаев менен өмүр бою чабышкам жана чабыша берем»,-деди Келдибеков.

Анда чогулган эл кайым айтышты токтотууга аракет кылып, «чабыша берсеңиздер кантип өнүгөбүз?»деген сыяктуу нааразы пикирлерин айтышты.

Эске салсак, 2011-жылы Текебаев баштаган «Ата-Мекен» фракциясынын өкүлдөрү «өкмөттөгү иши канааттандырарык эмес» деп добуш берүү аркылуу парламенттин төрагасына ишенбестиктерин көрсөтүшүп, аны төрагалык орундан чететүү маселесин көтөрүп чыгышкан. Оппозициялык фракция тарабынан айтылган айыптоолордун катарында, Келдибековду кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынын бири болгон Камчыбек Көлбаев менен байланышы болгондугун белгилешип, Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Мындан улам Келдибековдун Текебаевге эски таарынычы калган өңдүү.

Количество просмотров: 6134