• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Текебаев өзүн актаган судьяга эмне үчүн матрёшка белек кылды?

12 Жалган куран 2024 9:48 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, аны актаган судья менен жолукканын ага белек ыйгарганын жазды.

«Варшавага кайра матрёшка менен келдим. 18 жыл мурун Варшавага келип, кире албай кайра кеткем. Анткени, аэропортто багажымдан составында героин аралашкан ак порошок салынган матрёшка табылган. Мен кармалып, түрмөгө олтургузулгам. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, биографиямды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон.
9-март күнү ошол судья пани Малгожата Шамборска менен жолуктум. Ага ыраазычылык билдирип, белек бердим. Негизги белек матрёшка болду. Матрёшканын ичинде бул жолу да ак зат бар эле», — деп жазды ал.

Ошондой эле Текебаев белегинин сүрөтүн да жарыялаган.

Эске салсак, 2006-жылы сентябрь айында иш сапарына бараткан Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн Варшава аэропортунда героин табылып, бирок Польша соту аны актаган чечим чыгарган. Бул эл аралык жана жергиликтүү коомчулукта Бакиев режиминин оппозициялык лидерге каршы майнапсыз аяктаган кысымы катары бааланган.

Количество просмотров: 120