• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Исмаилова коронавируска каршы жүргүзүп жаткан иштер чабал экенин айтты

17 Тогуздун айы 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавируска каршы кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан иштер чабал экенин айтты.

Бул тууралууоблустардагы саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер жана адистер менен 17-октябрда өткөрүлгөн онлайн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Исмаилова илдетке каршы республикалык штабдын жыйынында айтылган маалыматтар менен онлайн кеңешмеде берилген маалыматтар эки башка чыгып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жетекчилер жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары жетиштүү деп маалымат бергени менен, иш жүзүндө ага шайкеш келбеген учурлар болууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар алгач мартта аныкталган. Июнь-июль айларында бейтаптар жана өлгөндөр кескин көбөйгөн. Август-сентябрда оору бир аз басаңдап, октябрда кайрадан күчөдү жана өлүм саны өсүүдө. 17-октябрга карата бир суткада 470 адамдан оору аныкталып, беш киши каза болду.

Количество просмотров: 184