• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аида Касымалиева: Таластагы болгон окуя ар бирибизди кайдыгер калтырбастан, тез арада аракет кылуу керек

9 Жалган куран 2019 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева  парламент жыйынында тез аранын ичинде Энергохолдинг түзүмдөрүн реформалоо керектигин белгиледи.

“Урматтуу кесиптештер, Ашырбек Мойдунович, ушул жылдын 20-февраль күнү Талас облусундагы Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында болгон каргашалуу окуя Энергохолдинг тармагындагы коррупциянын бетин ачты. Тез аранын ичинде Энергохолдинг түзүмдөрүн реформалоо керек. Бул маселени СДПК фракциясы өткөн жумада дагы караганбыз. Таластагы эки адамдын өмүрүн алган окуя боюнча иш сапарым учурунда жеринен барып кабар алып, тааныштым. Ал жерде 37 жаштагы келин, 13 жаштагы кызы менен көз жумган. Учурда атасы 5 жаштагы жандандыруу бөлүмүндө жаткан кенже кызынын өмүрүн сактап калууга жан далбастан Бишкекте ооруканада жүрөт. Жабырлануучулардын айтымында эсеп дүмүрчөк келген эмес. Мурунку айдан 80 сом эле калдык калган. Жарыктарын эч кандай эскертүүсүз эле, 13 жашар кыздын “атам келсин, апам келсин, акам ооруканада эле” деп  жалбарганына карабай өчүрүп салган. Жыйынтыгында эки өмүр кыйылды.

Бул жердеги дагы бир маселе Кара-Суу айылындагы пенсионерлер, эл чогулуп айтышты. Негизинен электр энергиясын айдын онуна чейин, 10 күндүн ичинде төлөнүшү зарыл. Бирок, эл пенсияларын, жөлөк пулдарды он бешине чейин алышат. Бул эки маселени да сезондоштуруш керек. Мисалы пенсиясын он бешинде алса, онуна чейин төлөгөнгө кыйын болуп жатпайбы?

Экинчиден, электр энергиясына карыз 50 сом болобу, 100 сом болобу кесип кетишет дагы, кайра аны туташтырып берүү үчүн 300 сом алышат экен. Ал  бюджетке түшпөйт. 300 сом чөнтөккө кетет. Бул мыйзамдашкан коррупция. Эмнеге жаркыраган 2-3 кабаттуу, жылдап төлөбөгөн үйлөрдүн жарыгын кесишпейт?!

Эмне үчүн контролерлор “штаттык эмес” деп жардамчыларды алышат. Аларга айлык бюджеттен төлөнбөйт. Сурасаң алардын айлыктары 20-25 миң сом. Алар бул айлыкты кайдан алып жатышат?! Коррупциянын жеткен чеги.

Урматтуу кесиптештер, Таластагы болгон окуя ар бирибизди кайдыгер калтырбастан, тез арада аракет кылуу керек экендигин билдирген чоң белги.  “Бул окуя кайталанбайт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Мына кыш мезгилинде истен ууланган жаш балдар көбөйүп кетти. Өкмөт тез арада өз сунушун киргизиши керек, урматтуу Ашырбек Мойдунович! Бул боюнча өкмөт эч кандай реакция кылбаганы мени таң калтырат. Ар бир өмүр биз үчүн абдан маанилүү”,-деп кайрылды депутат.

Количество просмотров: 23